super.kg logo

Асел Ногойбаеванын мурдагы күйөөсү абактан кат жазды

 

Кулак-мурду кесилген Асел Ногойбаева мурдагы күйөөсү Азамат Эстебесов абактан билдирүү жөнөтүп жатканын Instagram баракчасы аркылуу билдирип, ал жазган каттарды жүктөдү.

"Катуу режимде жатат имиш! Качып чыгып кетиш мен үчүн оңой дейт. Номерди алмаштырсам дагы коркутуулар таң атпай кайра келип баштады", - деп жазды ал.

Ал эми мурунку күйөөсү жөнөткөн билдирүүлөрдө ал абактан чет өлкөгө качып кете алары жана өлкөгө кайра кайтып келе алары айтылат.

Эске салсак, былтыр 20-сентябрда Бишкектин четиндеги Селекция айылында 36 жаштагы Асел Ногойбаеваны мурдагы күйөөсү мыкаачылык менен бычактап, келин ооруканага түшкөн. Милиция мурдагы аялын бычактоого шектелген 39 жаштагы жаранды кармаган. Шектүү аялынын мурдун, кулактарын кесип салган.

26-январда Чүйдүн Сокулук райондук соту Азамат Эстебесовду коюлган 11 айыптын ичинен 10 айып боюнча күнөөлүү деп таап, 20 жылга эркинен ажыраткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: