super.kg logo

ОшМУнун алдындагы Конфуций институту “Жаңы жыл – жаңы башат” аталышындагы концертин тартуулады

 

Кечээ, 24-декабрда Ош шаарындагы улуттук драма театрында ОшМУнун алдындагы Конфуций институту тарабынан даярдалган “Жаңы жыл – жаңы башат” деген аталыштагы чоң программадагы жаңы жылдык кечеси болуп өттү. Ага Кытай Эл Республикасынын Ош шаарындагы өкүлчүлүгү, шаар тургундары катышышты. Кечеде кыргыз-кытай элдеринин улуттук баалуулуктарын камтыган эки өлкөнүн ыр-бийлери аткарылды. 

Институттун ачылышы менен биргеликте Кыргызстанга келип кытай тили, маданияты, тарыхы боюнча билим берип келе жаткан кытай окутуучулары кыргызча сүйлөп, макал-лакаптарды кыргызча айтышса, 1-курстун студенттери аларды кытай тилине которуп, окутуучу менен студенттин ортосундагы жагымдуу байланышты көрсөтө алышты.

Конфуций институтунун кытай тарабынан директору Гоу Вейдун келген конокторду Жаңы жылы менен кыргыз тилинде куттуктады. 

Белгилей кетсек, Конфуций институту 2013-жылдын 23-январында Ош мамлекеттик университети менен Конфуций институттарынын Кытайдагы башкы башкармалыгынын ортосунда жана 2013-жылдын 1-мартында Синьцзян педагогикалык университети менен түзүлгөн келишимдерге ылайык ачылган. Бүгүнкү күндө аталган окуу жайда 97 студент 3 адистик боюнча билим алышууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
25.12.2013. 18:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсынар ОшМУ. дайыма жакшы иштер менен атыңар чыгат!бардык окуу жайлар силердей иштегенде заман тезирээк оңолот эле!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: