Ысык-Көлдүн жээгине унаа менен кирген айдоочуга чара көрүлдү

Көл жээгине автоунаасы менен кирген айдоочуга чара көрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 9-июлда Ысык-Көл облустук милициясынан билдирди.
Маалыматка ылайык, ЖКККБга Ысык-көл районунун Чок-тал айылынын көл жээгине “Honda Fit” үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу унаасы менен кирип келгендиги жөнүндө маалымдалган.
Аталган маалымат мекеменин Укук бузулардын бирдиктүү реестрине катталып, айдоочуну аныктоо жана жоопкерчиликке тартуу боюнча тийиштүү иштер колго алынган.
Жүргүзүлгөн териштирүү иштеринин натыйжасынжа жол коопсуздугунун милиция кызматкерлери тарабынан маалыматта көргөзүлгөн айдоочу аныкталган. Ага Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 189-беренесинин (Автоээнбаштык) негизинде проткокол түзүлүп, 15 миӊ сом өлчөмүндө айып салынды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.