super.kg logo
  Саясат  

Мындан ары баласына алимент төлөбөгөндөр кылмыш жоопкерчилигине тартылат

 

Мындан ары баласына алимент төлөбөгөндөр кылмыш жоопкерчилигине тартылат. Тиешелүү мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койгонун бүгүн, 9-июлда басма сөз кызматынан кабарлады.

Ага ылайык, Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизилет. Кабыл алынган мыйзам Конституциялык соттун 2022-жылдын 28-декабрындагы чечимин ишке ашырууга багытталган. Аны Жогорку Кеңеш 29-майда кабыл алган.

Мыйзам менен Кылмыш-жаза кодексинин 178-беренеси жаңы редакцияда баяндалып, азыркы учурда күчүндө турган редакциясына салыштырмалуу кошумча квалификациялык белгилер менен толукталууда.

Тактап айтканда, баланы же болбосо жашы жеткен, бирок эмгекке жарамсыз жана материалдык жардамга муктаж балдарды багууга милдеттүү болгон адамдын өз эмгек акысын жана ага теңештирилген кирешелеринин өлчөмүн жашырган, төмөндөткөн, ошого тете соттун чечими боюнча ишке орношуудан баш тарткан адамдар үчүн жазык жоопкерчилиги каралууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: