Ошто 107-маршруттук каттамдын ордуна жаңы автобус каттамга чыкты



Бүгүн, 10-июлдан тарта Ош шаардык муниципалдык автоунаа ишканасы 7-номердеги жаңы автобустарды каттамга чыгарды. Бул тууралуу Ош мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, шаардагы 107-маршруттук каттамдар чыгарылып, ордуна 7-автобус каттамы коюлду.
Ага ылайык, жалпы 20 автобус Курманжан датка аймактык башкармалыгынан (Юго-Восток) АЭРОшаарчага чейинки аралыкка каттайт. Жаңы автобустар 6-7 мүнөттүк аралык менен иш алып барат.
Эскерте кетсек, Ош шаарына 100 автобус алынып келинген. Буга чейин каттамга 43-автобус чыгарылып, учурда жүргүнчүлөрдү тейлөөдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.