super.kg logo

Кайрат Нуртастын камакка алынуусу боюнча даттануу арызы сотто каралды

 

Астана соту ырчы Кайрат Нуртаска карата административдик укук бузуу боюнча ишти апелляциялык тартипте карады. Бул тууралуу казак басылмалары жазып чыгышты.

Буга чейин административдик укук бузуулар боюнча адистештирилген райондор аралык соттун чечими менен ырчы майда бейбаштык жасаган деген айып менен 15 суткага камакка алынган.

Биринчи инстанциядагы сот ырчы учактын бортунда чыр-чатак учурунда Б. аттуу жарандын ден соолугуна атайылап жеңил залал келтирип, мушташ учурунда адепсиз сөздөрдү айтканын аныктаганы кабарланат.

"Укук бузуучунун жактоочусу чечим менен макул болбогондуктан 434-берененин 2-бөлүмү боюнча даттануу менен кайрылып, ишти кароону токтотууну суранган.

Апелляциялык даттануунун ушул жылдын 9-июлундагы чечими менен биринчи инстанциянын сот актысы өзгөртүүсүз калтырылды, анткени аны жокко чыгарууга негиз жок. Токтом күчүнө кирди", - деп жазылат анда.

Белгилей кетсек, ырчынын 15 суткага камалганына байланыштуу анын Астанада өтө турган концерти токтотулган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: