Дагы бир атактуу футболчу улуттук курамадагы карьерасын жыйынтыктады
Франция курама командасынын чабуулчусу Оливье Жиру улуттук курамадагы карьерасын жыйынтыктады. Бул тууралуу чет элдик спорт басылмалары жазып чыгышты.
Маалым болгондой, Оливье Жиру Евро-2024 чемпиондугунда Испаниядан жеңилгенден кийин Франциянын курама командасынан кетүүнү чечкен.
Чабуулчу учурда 37 жашта. Ал маектеринин биринде улуттук курамадан кетерин айткан.
"Албетте, курамада ойногонду сагынам, бирок менин убактым аяктап бара жатат. Жаштарга жол бошотуп беришибиз керек", - деген Оливье Жиру.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:19
2025-06-26

9:54
2025-06-26

9:9
2025-06-26
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.