super.kg logo

Тапанчадан ок чыгарды делген ММА мушкери жөнүндө ИИМ маалымат берди (видео)

 

ММА мушкери Марсел Нурланбек уулу муздак куралдан (пугач) ок чыгарган. Бул тууралуу бүгүн, 10-июлда SUPER.KG порталына Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалымдагандай, 9-июлда Москвадагы спортчу ИИМдин Орусиядагы өкүлчүлүгүнө чакыртылган.

"Марсел Нурланбек уулу эч кандай мыйзам бузбаганы боюнча түшүндүрмө берди. Видеодогу тапанча муздак курал (пугач) болгон. Ал эми видео эски жана Кыргызстанда тартылган. Анын кармалган экинчи видеосуна келсек, бул анын досторунун тамашасы болгон. Аны Орусия аймагында эч ким кармаган эмес", - деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, кечээ социлдык тармактарда кыргызстандык мушкер Нурланбек уулунун тапанчадан ок чыгарган видеосу жана анын кармалганы тартылган кадр тараган болчу.






10.07.24

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: