Нарын облусунун Баш-Кайыңды айылында 16 үй селден корголот (видео)
Бүгүн, 10-июлда Ат-Башы районунда сел кырсыктарынын алдын алуу, адам өмүрүн сактоо жана материалдык чыгымдарды болтурбоо максатында сел каналын кеңейтүү, бекемдөө иштери жүрүүдө. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка ылайык, селдин алдын алуу жана кесепеттерин жоюу планына Баш-Кайыңды айыл аймагына караштуу Талды-Суу айылынын түндүк тарабындагы Ийри-Суу сел өткөрүүчү каналы киргизилген.
"Каналдын 1400-метринде механикалык тазалоонун натыйжасында 16 үй, 1 көпүрө корголот", - деп айтылат маалыматта.
Нарындын Баш-Кайыңды айылында 16 үй селден корголот
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.