super.kg logo
  Спорт  

Кыргызстандын ТОП-Лигасынын 2013-жылкы сезонунун мыкты футболчулары аныкталды

 
Кыргызстандын футбол боюнча чемпиондугу ТОП-Лиганын 2013-жылкы сезонундагы мыкты футболчулары аныкталды. Бул тууралуу Футбол Лигасынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жыйынтык футболдук тармакта иштеген адистердин добушунун негизинде чыгарылган. Мелдештин "Эң мыкты оюнчусу" болуп бишкектик "Дордой" клубунун капитаны Вадим Харченко болуп табылды. "Эң мыкты дарбазачы" "Дордойдун" дарбазачысы Павел Матяш болуп аныкталды. "Абдыш-Ата" командада ойногон Тахир Авчиев "Эң мыкты коргоочу" наамына ээ болду. "Алай" клубдун оюнчусу Виталий Тимофеев "Эң мыкты жарым коргоочу" наамын жеңе алды. Жылдызга айланган "Дордойдун" чабуулчусу Дэвид Тетте өз амплуасындагы кесиптештерден "2013-жылдын эң мыктысы" болуп табылды. Ал эми эң көп дарбазага топ салган "Абдыш-Атанын" оюнчусу Алмаз Мирзалиев 20 голу менен эң мыкты бомбардири болуп аныкталды.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: