super.kg logo

Өлкө башчы билим берүү сапаты жогору болгон мектептерди атады

 

Бүгүн, 10-июлда мамлекеттик "Ала-Арча" резиденциясында президент Садыр Жапаров жалпы республикалык тестирлөөдөн жогорку упай алган абитуриенттерге "Алтын сертификат" тапшырды.

Мамлекет башчы абитуриенттерди ийгилиги менен куттуктап, алардын бул даражага жеткирген мугалимдерине жана ата-энелерине ыраазычылык билдирди.

Өз сөзүндө Жапаров өлкөдөгү билим берүү сапаты жогору болгон мектептерди атап өттү.

“Мыкты ийгиликтерди жараткан, орто балл алган балдар боюнча мониторинг, анализ кылганда төмөндөгү мектептер алдыга озуп чыгарына эч шегим жок. Коомчулуктун пикирин эске алганда деле дал ушул №12, №24, №61, №67, №70 жана башка мектептерде билим берүү сапаты жогору экенин, балдарын ушул мектептерде окутсам деген ата-энелердин арзуу-тилеги арбын болгонун билемин.

Алыс барбай, быйылкы ЖРТнын жыйынтыгын алсак, 58 окуучунун 13ү дал ушул билим берүү мекемелерди бүтүргөндөр экен”, - деди Жапаров.

Мындан тышкары эл аралык олимпиадада да дал ушул “Сапаттын” окуучулары байгелүү орундарды багындырып келерин айтып, муну менен сыймыктанарын кошумчалады.

Белгилей кетсек, быйыл жалпы республикалык тестирлөөдө эң жогорку упай 234тү түздү. “Алтын сертификатка” Бишкек шаарынан – 35, Чүй облусунан – 7, Ош шаарынан жана Ош облусунан – 7, Жалал-Абад облусунан – 3, Нарын облусунан – 3, Талас облусунан – 2 жана Баткен облусунан – 1 окуучу ээ болду.

Аларга өлкө башчы мактоо баракчаларын жана ноутбуктарды тапшырды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: