Кара-Балтада дайынсыз жоголгон балдар кароосуз калган имараттан табылды
Чүйдө дайынсыз жоголгон 9 жана 13 жаштагы өспүрүмдөр табылып, ата-энесине өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу бүгүн, 10-июлда облустук милициядан билдирди.
Маалыматка ылайык, 10-июлга караган түнү саат 03:00дө милицияга 1998-жылы туулган Кара-Балта шаарынын тургуну арыз менен кайрылган. Ал кечээ саат 14:00 чамасында 2015-жылы туулган Ш.А. жана 2011-жылы туулган М.Р. аттуу балдар үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келбегинин айткан.
Бул факты каттоого алынып, милиция кызматкерлери таңкы саат 04:00дөн баштап издөө иштерин башташкан. Жыйынтыгында өспүрүмдөр Кара-Балта шаарындагы кароосуз калган имараттын ичинен табылган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:29
2025-06-24

15:38
2025-06-24

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.