super.kg logo
  Саясат  

Кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиясынын 25-жыйыны өттү

 

Бүгүн, 10-июлда Орусиянын Красноярск шаарында Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык маселелер боюнча Кыргызстан менен Орусиянын өкмөттөр аралык комиссиясынын 25-жыйыны өттү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, ага министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен Орусиянын өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Александр Оверчук төрагалык кылды.

Жолугушууда тараптар Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташтыкты чыңдоого багытталган маселелердин кеңири чөйрөсүн талкуулашты. Соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүүгө, анын ичинде эки өлкө ортосундагы соода жүгүртүүнү жогорулатууга, инвестиция тартууга жана биргелешкен ишканаларды түзүүгө жагымдуу шарттарды түзүүгө, өнөр жай, айыл чарба жана энергетика тармагындагы кызматташууга өзгөчө көңүл бурулду.

Мындан тышкары тараптар илимий-техникалык кызматташтыкты өнүктүрүү, гуманитардык байланыштарды, анын ичинде билим берүү, маданият жана саламаттыкты сактоо тармагын кеңейтүү маселелерин, ошондой эле туризм жана транспорт тармагындагы биргелешкен долбоорлорду талкуулашты.

Жыйындын соңунда тиешелүү протоколго кол коюлду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: