super.kg logo
  Саясат  

Бишкекке Анкаранын мэри келди. Талкууланган маселелер

 

Бүгүн, 10-июлда Бишкек шаардык мэриясында калаа башчысы Айбек Жунушалиев менен Анкара шаарынын мэри Мансур Яваштын жолугушуусу өттү.

Муниципалитеттен билдиргендей, ага Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев жана Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садик Доган катышты.

"Бул Анкара шаарынын мэринин 1992-жылдан берки биринчи сапары. Ошондой эле Бишкек – Анкара шаарынын мэри 2024-жылдын март айында кызматка шайлангандан кийин барган биринчи шаар", - деп айтылат маалыматта.

Тараптар эки тараптуу кызматташтыкты активдештирүү маселелерин талкуулашты.

Жунушалиев Анкара шаарынын тажрыйбасын эске алуу менен Бишкек шаарынын мэриясынын адистеринин квалификациясын жогорулатуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Ошондой эле алар борбордун инфраструктурасын жакшыртуу жана санариптештирүү жаатында биргелешкен долбоорлорду түзүүнү талкуулашты.

Мансур Яваш сапардын максаты соода-экономикалык алакаларды чыңдоо экенин баса белгиледи.

Айбек Жунушалиев биргелешкен долбоорлордун санын көбөйтүү, сапатын жана көлөмүн жогорулатуу зарылдыгын белгиледи.

Жолугушуунун соңунда тараптар мындан аркы кызматташууга ишенимин билдиришти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: