super.kg logo
  Саясат  

Акылбек Жапаров Кыргызстан Орусиянын инвестициясына ачыктыгын айтты 

 

Орусиянын Красноярск шаарында соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиясынын 25-жыйыны жана кыргыз-орус аймактар аралык конференциясы өтүп, ага өкмөт башчы Акылбек Жапаров катышты.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиргендей, Жапаров анда Кыргызстандын Орусиялык инвестицияга ачыктыгын баса белгиледи.

Ошондой эле ал эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү үчүн өкмөттөр аралык кызматташуунун маанилүүлүгүн, эки өлкөнүн лидерлери товар жүгүртүүнү 5 миллиард долларга жеткирүү максатын койгонун белгиледи.

Жапаров Орусия тарапты Кыргызстанда өтө турчу Ысык-Көл инвестициялык-экономикалык форумуна, жеңил өнөр жай көргөзмөсүнө, AGRO EXPO көргөзмөсүнө жана башка иш-чараларга катышууга чакырды.

"Октябрь айында Москвада Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн100 жылдыгына арналган Кыргызстандын маданият күндөрү өтөт. Быйыл ошондой эле Москвадагы ВДНХда Кыргызстан павильонун ачуу пландалууда", - деди өкмөт башчы.

Жыйындын соңунда бир катар документтерге жана макулдашууларга кол коюлду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: