Баткенде 116 ӨКМ куткаруучулары сел кесепеттерин жоюуга тартылды





Баткенде ӨКМдин 116 куткаруучусу сел кесепеттерин жоюуга тартылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Ага ылайык, Аэропорт жана Өрүкзар тилкесиндеги элди коопсуз жайга көчүрүү иштери ӨКМдин үчүнчү өзүнчө издөө-куткаруу отрядындагы 40, Баткен району боюнча ӨКБ жана башкармалыктан тартылган 14 куткаруучу тарабынан жүргүзүлдү.
"Түнкү саат 2:40ка карата сел сууларын тазалоого 5 мотопомпо, куткаруу шаймандары жана 116 куткаруучу сел кесепеттерин жоюуга тартылды", - деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, кечээ, 10-июлда жааган нөшөрлүү жаандан улам Баткен районуна сел келип, сел суулары каптаган Аэропорт жана Өрүк-Зар тилкесинен элди коопсуз жайга көчүрүү иштери жүргүзүлгөн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:29
2025-06-24

15:38
2025-06-24

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.