super.kg logo

Байкалда эркек адам өспүрүмдү токко урунуудан сактап, өзү каза болду

 

Кечээ, 10-июль күнү Байкал көлүндө эркек киши өспүрүм кызды токко урунуудан сактап, өзү каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, окуя Бурятия өлкөсүндөгү Кабан районунда Байкал көлүнүн жээгинде болгон. Анда 15 жаштагы кыз көлгө түшүп жатканда токко урунганын сезген. Жанындагы мурда тааныш болгон адам аны суудан чыгарууга жардам берип, өзү электр тогуна урунган.

"Эркек киши ошол жерден жан берген. Кыз оор абалда балдар клиникалык ооруканасына жеткирилген.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголду", - деп жазылат анда.

Кырсык болгон жерден алыс эмес, суу мунарасынын жанында жайгашкан аймакты текшерүү учурунда көлгө чөгүп кеткен суу алуучу электр насосу табылганы айтылат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: