БУУнун эксперттери: "Ачарчылык Газа тилкесин толугу менен каптады"
Газа тилкесинде балдар ачарчылыктан өлүүдө. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
"Газа тилкесинде жакында бир нече палестиналык балдар ачарчылыктан өлөт", - деп белгилешти БУУнун көз карандысыз эксперттери.
"30-майда 6 айлык бала, 1-июнда 13 жаштагы бала, 3-июнда 9 жаштагы бала каза болду. Үчөө тең ачарчылыктан жана тийиштүү медициналык жардамдын жетишсиздигинен каза болушкан", - деп белгилешти эксперттер.
БУУнун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссарлыгынын кеңсеси Израилди Газадагы жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн колдон келгендин баарын кылууга чакырды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:19
2025-06-26

9:54
2025-06-26

9:9
2025-06-26
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.