super.kg logo

"Жаңы тренд". Кыздар шаан-шөөкөттүү кечелерден баш тартууда

 

Көпчүлүк өлкөдөгү 21 жаштан жогорку кыздар эс алуунун жаңы түрүн тандашууда. Бул тууралуу Tengri Travel агенттиги жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, кыздар ызы-чуулуу клубдар жана пляждардагы кечелердин ордуна ден соолугун чыңдоо менен тынч эс алууну тандап жатышат. Алар бош убактысында йога, пилатес менен машыгууну кошуп, ромашка чайын, смузи жана фреш суусундуктарын тандашууда.

"Бул жаңы трендди Ибицадагы мейманкана ээлери байкашты. Алар жаш кыздардын сергек жашоо образына көңүл бурушкан. Алардын айтымында, кыздар 1-2 жыл мурунку адаттагы кечелерди эмес, сапаттуу эс алууну тандап, пляждагы буйрутма тизмесинде алкаголдук коктейлдер жана башка ичимдиктер кирбей калган", - деп жазылат анда.

Ал эми чет элдик туристтик агенттиктер бул көрүнүштү пандемия менен байланыштырууда. Карантин ой жүгүртүүнү, жашоого жана эс алууга болгон мамилени өзгөрттү деп болжолдогону айтылат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: