super.kg logo

Айгүл Жапарова Беларустун Улуттук жыйынынын республикалык кеңешинин төрайымы менен жолукту (фото)

 

Биринчи айым Айгүл Жапарова Минск шаарына болгон иш сапарынын алкагында Беларустун Улуттук жыйынынын республикалык кеңешинин төрайымы Наталья Кочанова менен жолугушту. Бул тууралуу бүгүн, 11-июлда президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Беларустун ортосундагы эки тараптуу кызматташтыктын түрдүү тармактарында, анын ичинде парламенттер аралык, саламаттыкты сактоо жана маданий-гуманитардык кызматташуунун актуалдуу багыттары боюнча пикир алмашышты.

Наталья Кочанова Айгүл Жапаровага "Славян базары" эл аралык искусство фестивалына катышууга чакырууну кабыл алганы үчүн ыраазычылык билдирди.

Ал Беларуста жыл сайын өтүүчү фестивалга кыскача токтолуп, быйыл 30дан ашык өлкө катышып жатканын, анын ичинде Кыргызстан да бар экенин белгиледи.

Ошондой эле ал саламаттыкты сактоо, билим берүү жана туризм чөйрөсүндөгү маселелерге токтолуп, Беларусь бул тармактарда эки тараптуу мамилелерди мындан ары активдештирүүгө даяр экенин белгиледи.

Өз кезегинде Айгүл Жапарова Кыргызстан менен Беларусь элдеринин ортосунда жалпы тарыхый эс-тутумга жана өз ара колдоо жана түшүнүү каалоосуна негизделген салттуу жакын достук мамилелер өнүгүп келе жатканын белгиледи.

Жолугушууда биринчи айым Беларусь сапаттуу медициналык кызмат көрсөтүү, анын ичинде онкологиялык ооруларды дарылоо боюнча КМШ өлкөлөрүнүн лидерлеринин бири экенин белгиледи. Буга байланыштуу бул багытта мамлекеттердин кызматташтыгын тереңдетүү сунушталды.

Айгүл Жапарова ошондой эле президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Кыргызстанда органдарды трансплантациялоо боюнча бардык операциялар алардын кымбаттыгын эске алуу менен мамлекеттин эсебинен акысыз жүргүзүлө турганын айтты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: