super.kg logo

УКМК Чүйдөгү Достук айыл өкмөтүнүн башчысын кармады

 

Аламүдүн районунун Достук (мурдагы Ленин) айыл өкмөтүнүн башчысы А.Э. кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 11-июлда УКМКдан кабарлады.

Маалыматка ылайык, атайын кызмат тарабынан 10-июлда Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгү жана 210-беренесинин 2-пунктунун 4-бөлүгүндө каралган кылмыштардын белгилери боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу фактылары боюнча Аламүдүн районунун Достук айыл өкмөтүнүн башчысы А.Э. кармалды.

Тактап айтканда, 2017-жылдан 2022-жылга чейин А.Э. Аламүдүн районунун Төмөнкү Ала-Арча айыл аймагынын башчысы болуп туруп, айрым ишкердик субъекттерине (конкурстук тооруктардын милдеттүү жол-жоболорун сактабастан) ижарага жерлерди мыйзамсыз берүү жолу менен (ижара акысын жасалма төмөндөтүү жана жерлерди тиешелүү рыноктук баалоосуз) мамлекеттин бюджетине өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирген.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында 2017-2022-жылдар аралыгында Төмөнкү Ала-Арча айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы А.Э. тарабынан мамлекетке 76 миллион 540 миң сом өлчөмүндө зыян келтирилген.

Ал УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Окуяга тиешеси бар башка адамдарды аныктоого багытталган ыкчам-иликтөө иш-чаралары уланууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: