super.kg logo

Айгүл Жапарова "Беларусь аялдар союзунун" өкүлдөрү менен жолугушту

 

Биринчи айымы Айгүл Жапарова бүгүн, 11-июлда Минск шаарында "Беларусь аялдар союзу" (БАС) КБ төрайымы Ольга Шпилевская менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушууга беларус тараптан эмгек жана социалдык коргоо министри Наталья Павлюченко, Беларусь керектөөчү коомдор республикалык союзунун башкармалыгынын төрайымы Инесса Короткевич, Беларусь парламентинин депутаты Марина Ильина, Минск шаардык аткаруу комитетинин төрагасынын биринчи орун басары Надежда Лазаревич катышты.

Бул бирикме 1991-жылы түзүлгөн, анын ишмердүүлүгү аялдардын, үй-бүлөлөрдүн жана балдардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого көмөк көрсөтүүгө, аялдардын коомдогу татыктуу ордун камсыз кылууга, анын өлкөнүн коомдук-саясий, социалдык-экономикалык жана маданий турмушундагы ролун жогорулатууга багытталган.

Ольга Шпилевская Айгүл Жапарованы жылуу кабыл алып, биринчи айым баштаган кыргыз делегациясы менен жолугушууга кубанычта экенин баса билдирди.

Ал БАС ишмердүүлүгүнө кыскача токтолуп, бул өлкөдөгү 175 миңден ашык аялдарды бириктирген эң ири аялдар уюму экенин белгиледи. Бардык облустук, шаардык жана райондук борборлордо анын өкүлчүлүктөрү бар. Уюмдун катарында Республика Кеңешинин мүчөлөрү жана Улуттук жыйындын өкүлдөр Палатасынын депутаттары, республикалык мамлекеттик башкаруу органдардын, уюмдардын жана ишканалардын жетекчилери, ишкер чөйрөлөр жана чарбалык коомчулуктар бар.

Мындан тышкары Шпилевская бирикме жардамга муктаж аялдарга, үй-бүлөлөргө жана балдарга жардам көрсөтүү боюнча активдүү кайрымдуулук жана гуманитардык ишмердүүлүгүн активдүү жүргүзөрүн белгиледи. Ошондой эле БАС аялдары жалпы республикалык акцияларды жана иш-чараларды өткөрүшөт.

Өз кезегинде Айгүл Жапарова бүгүнкү өлкөлөр ортосундагы маданий-гуманитардык жана социалдык-экономикалык өз ара аракеттенүү маселелери жана албетте бул процесстерде аялдардын ролу боюнча пикир алмашуу мүмкүнчүлүгүн канааттануу менен белгиледи.

Биринчи айым Беларустун коомдук-саясий, социалдык-экономикалык жана маданий турмушунда аялдардын ролун жогорулатуу боюнча «Беларусь аялдар кошуну» тарабынан жүргүзүлүп жаткан пландуу иштерди канааттануу менен белгиледи. Бул өңүттө ал “аялдар маселеси” алкагында өз ара аракеттенүүнү алга жылдыруу, тажрыйба алмашуу жана эки өлкөнүн айымдарынан, анын ичинде ишкер аялдардан турган делегацияларынын өз ара иш сапарлары менен бирге аракеттерди бириктирүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Жапарова органдарды трансплантациялоо, онкологиялык ооруларды дарылоо маселелерине көңүл өзгөчө көңүл буруп, Кыргызстандын өтө муктаж жарандарына Беларуста кайтарымсыз дарылоого квота бөлүү мүмкүнчүлүгүн кароону сунуштады.

Ал президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы боюнча ушул жылдан тарта органдарды трансплантациялоо боюнча бардык операциялар мындай операциялардын өтө кымбат турарын эске алуу менен акысыз негизде жасаларын белгилеп өттү.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар саламаттыкты сактоо, билим берүү, илим, санариптештирүү, туризм жана башка тармактарда күчтөрдү бириктирүүнүн жана кызматташтыкты кеңейтүүнүн, тажрыйба алмашуунун маанилүүлүгүн баса белгилешти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: