super.kg logo

Бишкекте жаш манасчылар арасында республикалык кароо-сынак өттү

 
Кечээ, 11-июлда Бишкектеги Кыргыз улуттук "Манас" театрында жаш манасчылардын республикалык кароо-сынагы болуп өттү. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.
Маалыматка ылайык, сынакка өлкөнүн 7 дубанынан 40тан ашуун окуучу катышты.
Жыйынтыгында финалга чыккан жаш манасчылар чет тилинде жана кыргыз тилинде "Манас" айткандар деп тандап алынып, театр тарабынан диплом жана акчалай сыйлыктарга ээ болушту.
Кыргыз тили багытында:
1-орун - Арсен Ыдырысов;
2-орун - Уларбек Мирланов, Анжелика Жакыпбекова;
3-орун - Роза Бейшебаева, Жумабек Нышанбаев, Даткайым Искендербекова
Адахан Жоробаев, Мариям Жороева жана Кызсайкал Исабаева.
Чет тили багытында:
1-орун - Таттыбүбү Бакытбекова;
2-орун - Гузель Навыева, Ибрагим Самидинова;
3-орун - Жасмина Сатыкулова, Севде Кожокелдиева жана Жаңыл Балтабаева.
Ошондой эле кароо-сынак соңунда манасчы Салимбай Турсунбаев атындагы фонддун жетекчиси Жылдызбек Турсунбаев фонддун атынан Талас районунун Калба айылынан келген Сезимай Керимовага манасчынын элеси чагылдырылган кубок жана уюлдук телефон белек кылды.
Манас айтуу кароо-сынагында Назаркул Сейдракманов жана Рысбай Исаков калыстык кылышканы кабарланат.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: