Япондор күн сайын жок дегенде бир жолу күлүүгө милдеттендирилди
Ямагата префектуралык ассамблеясы тургундарды күнүнө жок дегенде бир жолу күлүүгө үндөгөн резолюция кабыл алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Япониянын Либералдык-демократиялык партиясы демилгелеген жарлыкта тургундарды "күнүнө жок дегенде бир жолу күлүп, ал аркылуу физикалык жана психикалык ден соолукту чыңдоого аракет кылууга" үндөйт. Ишкерлер "күлкүгө толгон жумуш чөйрөсүн түзүүгө" чакырылат.
Бирок мындай милдет баарына жаккан эмес. Айрым ассамблея мүчөлөрү ага каршы чыгышкан.
"Ооруп же башка себептерден улам күлүүгө кыйын болгондордун укугун тебелөө мүмкүн эмес", - деди депутаттардын бири.
Демилгенин авторлору Ямагата университетинин изилдөөсүнө таянып, күлгөн адамдардын өмүрү узун болот деген жыйынтыкка келишкен.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:19
2025-06-26

9:54
2025-06-26

9:9
2025-06-26
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.