Санкт-Петербургда короодо багылган аюу кожейкесин өлтүрүп салды

Орусиянын Санкт-Петербург облусундагы кыштактардын биринде короодо багылган аюу өзүнүн кожойкесин өлтүрүп салды. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты.
Андагы маалыматка караганда, Парголово кыштагында аял өзүнүн короосунда эки аюу баккан. Алардын бири аялга кол салып, чаап жиберип, аял окуя болгон жерден көз жумган. Милиция кызматкерлери кол салган аюуну атып өлтүрүшүп, экинчисин убактылуу уктатып коюшкан.
Ал эми каза болгон аял кесипкөй машыктыруучу болгон. Ал аюуларды 2015-жылдан бери багып келген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:19
2025-06-26

9:54
2025-06-26

9:9
2025-06-26
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.