Дээрлик бир жыл мурунку ишке шектүү кармалды (видео)
Бишкекте адам уурдоого шектелген жаран кармалганын бүгүн, 12-июлда шаардык милиция билдирди.
Маалыматка ылайык, былтыр 7-августта Т.Д. аттуу жаран укук коргоо органдарына арыз менен кайрылган. Ал бейтааныш адам 4-август күнү болжол менен саат 19:00дө Асаналиев көчөсүнөн күч колдонуп Honda Fit үлгүсүндөгү унаага салганын, андан соң белгисиз тарапка алып барганын, ал жерден денесине оор залал келтиргенин айткан.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 165-беренесинин (Адам уурдоо) негизинде кылмыш иши козголгон.
Бул ишке шектүү катары 2000-жылы туулган С.Б. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ошондой эле ал мурда адам өлтүрүүгө аракет кылгандыгы үчүн соттолгону аныкталган.
Милиция кармалган жаран талап-тоноочулукка дагы тиешеси бар экендиги такталганын кошумчалады.
12.07.24


