super.kg logo
  Спорт  

Бүгүн жаштар курамасы Борбор Азия чемпиондугунун финалында Иран менен беттешет

 

Бүгүн, 12-июлда Борбор Азия футбол ассоциациясынын (БАФА) 20 жашка чейинки курама командалары арасындагы чемпиондугунун финалы алкагында Кыргызстандын жаштар курамасы Иранга каршы кез келет. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришти.

Ага ылайык, беттеш 22:00дө старт алат. БАФА эгидасы алдында өткөн турнирлердин тарыхында Кыргызстандын курамасы финалда алгачкы жолу ойнойт.

Аталган эл аралык мелдеш Жалал-Абад шаарынын "Курманбек" стадионунда Ооганстан, Иран, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан командаларынын катышуусунда өтүүдө.

"Турнирдин финалдык беттешининен кийин дароо масштабдуу жабылыш аземи жана командаларды сыйлоо аземи орун алат.

Беттеш УТРК Спорт, ЭЛТР, Регион ТВ, Кыргыз Спорт ТВ жана БАФАнын YouTube каналында жеткиликтүү болот", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: