super.kg logo
  Саясат  

Ташиев бийликти басып алууга шектелип кармалгандардын аракетин июнь окуясына салыштырды

 

Бүгүн, 12-июлда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев жергиликтүү каналдардын бирине маек куруп жатып, бийликти басып алууга аракет кылганга шектелип кармалгандардын артында тышкы күчтөр болушу ыктымалдыгын эске салып, алар өлкөдөгү туруктуулукту жоготуу үчүн ар кандай нерселерди уюштурушу мүмкүн экенин айтты.

Ал муну өлкөнүн экономикасы тездикте өсүп жатканы менен байланыштырып, мындай көрсөткүч "эч кимге жакпайт" деди. Ташиев андыктан кызыкдар күчтөр төңкөрүш жасоону көздөгөн болушу мүмкүндүгүн четке какпай турганын белгилеп, буга июнь окуясын мисал келтирди.

"Мисалы, 2010-жылдагы июнь окуясы сыяктуу нерселерди уюштурушу мүмкүн. Ал окуя кантип тутанып кеткенин жакшы билесиңер да. Биринчи себеби – убактылуу өкмөт менен сепаратисттердин жең ичинен сүйлөшүүлөрү. Экинчи себеби – тышкы күчтөрдүн өзбек айылдарына кирип барып, өзбектерди аткылап, "мына, кыргыздар атып кетти" деген сөз таркатышкан. Ал эми кыргыздар жашаган районго кирип барып ок чыгарып, "өзбектер кыргызды кырып жатат" деген сөз таратышкан. Ошентип араң турган абал заматта от болуп тутанып, кыргыз-өзбек урушу болуп кеткен. Бирок тышкы күчтөр уюштуруп жибергенин билип калган эки улут үч күндөн кийин тынчып, кайра стабилдүүлүк калыбына келген. Ушул сыяктуу эле нерселерди Бишкекте уюштурууну көздөшкөн", - деди ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: