super.kg logo
  Саясат  

Жапаров Маалыматтарды иштеп чыгуунун мамлекеттик борборуна барды

 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Маалыматтарды иштеп чыгуунун мамлекеттик борборунун ишмердүүлүгү менен таанышты.

Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиргендей, учурда сервердик бөлмөнүн курулуш-монтаждоо жумуштары, инфраструктуралык-инженердик жабдуулар менен камсыздоо иштери аяктап калды.

Санариптик өнүктүрүү министри Нурия Кутнаева белгилегендей, Маалыматтарды иштеп чыгуунун мамлекеттик борбору өлкөнүн санариптик трансформациясын ишке киргизүү, борборлоштурулган инфраструктурага өтүү, ишенимдүүлүк жана маалыматтык коопсуздук талаптарын сактоону камсыз кылуу үчүн бирдиктүү саясатты жүргүзөт.

Долбоор ошондой эле мамлекеттик органдардын жана ведомстволордун маалыматтык системаларын түзүүгө, модернизациялоого, эксплуатациялоого, IT системалары жана IT чечимдери боюнча жаңы долбоорлорду ишке ашырууну тездетет.

Андан соң өкмөт башчы Бишкек шаардык мамлекеттик архивинин ишмердүүлүгү менен таанышты. Учурда аталган ведомствонун аймагында республикалык бюджеттин эсебинен жаңы имарат курулуп жатат.

Акылбек Жапаров Санариптик өнүктүрүү министрлигине архивдик маалыматтарды санариптештирүү, ошондой эле архив кызматынын кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу маселелерин иштеп чыгуу боюнча бир катар тапшырмаларды берди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: