super.kg logo
  Саясат  

Мамат Орозбаев: "Оор кылмыштарга карата эскирүү мөөнөтүн алып салуу боюнча мыйзам долбоорду кабыл алуу сталиндик режимге алып келет"

 
Жогорку Кеңеште бүгүн, 25-декабрда КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 292-беренеси («Мамлекеттик чыккынчылык»), 303-беренеси («Паракорчулук») жана 304-беренесинин 4-бөлүгү («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») боюнча кылмыш кылган адамдарга карата эскирүү мөөнөтүн алып салуу боюнча мыйзам долбоору талкууланып жатат. 
Депутат Мамат Орозбаев мыйзамга өзгөртүү киргизүү сталиндик режимге алып келет деген оюн билдирди. Мындан сырткары ал саясий куугунтук башталышын кошумчалап, “Эгерде Бакиев менен Акаевдин убагында иштеген чиновниктер кармалса, мен долбоорду колдойм. Бирок андай болбойт” деди. 
Төраганын орун басары Асия Сасыкбаева депутаттар эл алдында ак болсо, мыйзам долбоорду колдоп бериши керектигин баса белгиледи.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: