"Бишкек жашыл курулуш" муниципалдык ишканасы куткаруучуларды издейт
"Бишкек жашыл курулуш" муниципалдык ишканасына куткаруучулар талап кылынууда. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдирди.
Маалыматка ылайык, куткаруучулар Кара-Жыгач токоюнун аймагындагы Комсомольское көлүн реконструкциялоо иштери аяктап жаткандыктан улам керек болууда.
Квалификациялык талаптар:
- чөгүп бара жаткан адамга жардам, аны суудан чыгарууну, аны кармагандан бошотуу ыкмаларын, сүйрөө жана биринчи жардам көрсөтүү ыкмаларын;
- сууда сүзүүнү;
- куткаруучу жабдууларды колдонуу эрежелерин;куткаруучу кайыкты башкарууну билиши керек.
Кызматтык милдеттери:
- куткаруу постунда нөөмөт;
- сууда кырсыкка кабылган адамдарга токтоосуз жардам көрсөтүү;
- суу кемелерин жана куткаруучу техниканы аракетке даяр абалда кармоо;
- нөөмөттү кабыл алуу жана тапшыруу;
- кырсыктар жөнүндө отчеттордун журналын жана китебин жүргүзүү.
Толук маалымат алуу үчүн Ташкент көчөсүн 17 дареги боюнча саат 8:00дөн 17:00гө чейин жана 37 53 30 телефонуна кайрылыңыз.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.