Бостериде көл жээкте уурулук менен шугулданган 10 адамдан турган кылмыштуу топ кармалды (видео)
















Ысык-Көлдө чөнтөкчүлөрдүн тобу кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдирди.
Маалыматка ылайык, "Гастролер" деп аталган кылмышкерлердин тобу 7-8-июль күндөрү Бостериге келип, топторго бөлүнүп, коомдук жайларда уурулук кылышкан.
8-июлда Ысык-Көл облусунун аймагынан милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүүлөр бара жаткан Ауди А-6 үлгүсүндөгү унаа кармалган. Унаанын салонун текшерүү учурунда уурдалган 6 уюлдук телефон табылып, алынган. Шектүүлөрдүн жашаган жерин тинтүү учурунда дагы 2 даана телефон жана 95 миң сомдон ашык уурдалган акча табылган.
Аталган кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 10 шектүү Тергөө бөлүмүнө жеткирилген:
- Талас облусунун тургуну 1998-жылы туулган А.А. (ушул кылмыштуу топтун лидери),
- Нарын облусунун тургуну 1992-жылы туулган К.Э.,
- Талас облусунун тургуну 1993-жылы туулган А.Т.,
- Ош облусунун тургуну 1988-жылы туулган А.Т.,
- Чүй облусунун тургуну 1997-жылы туулган Ж.Д.,
- Ош облусунун тургуну 1992-жылы туулган К.Т.,
- Чүй облусунун тургуну 1994-жылы туулган Ж.Б.,
- Бишкек шаарынын тургуну 1996-жылы туулган Т.Н.,
- Ош облусунун тургуну 1995-жылы туулган М.Н.,
- Ош облусунун тургуну 2001-жылы туулган А.А.
Бул кылмышка шектүү жарандардын бардыгы мурда бир нече жолу сот жообуна тартылган, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турушат.
Уурдалган 8 телефондун ичинен 4 уюлдук телефондун ээлери аныкталган. Бардык телефондор 7-8-июль күндөрү уурдалган. Кылмыш иликтөө кызматкерлери телефондорду ээлерине кайтарып беришкен.
Учурда алардын ушул сыяктуу башка кылмыштарга тиешеси бар-жогу текшерилип, тергөө иштери жүргүзүлүүдө.


