super.kg logo

УКМК Чүй-Токмок билим берүү бөлүмүнүн директорун кармады (видео)

 

Чүй-Токмок билим берүү бөлүмүнүн директору А.Б. пара алууга шектелип кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 13-июлда УКМКдан кабарлады.

Маалыматка ылайык, анын окуу жайларды текшерүү жана ревизия жүргүзүү шылтоосу менен жалпы билим берүүчү мектептердин жана бала бакчалардын жетекчилеринен системалуу түрдө акча каражатын "чогултуу" менен алектенери аныкталды.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренесинин (Пара алуу) 1-бөлүгүнө ылайык кылмыш иши козголду. Тергөөнүн жүрүшүндө А.Б.нын иштеген жана жашаган дареги боюнча тинтүү жүргүзүлүп, акча каражаты табылды.

Ал УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Аталган кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоого багытталган тергөө-ыкчам иш-чаралар улантылууда.






Видео: УКМК

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: