super.kg logo

"129 миллион сом зыян келтирген". Бишкекте ири алдамчылыкка шектелген жаран кармалды

 

Бишкекте бир катар алдамчылыкка шектелип, бир жылдан бери издөөдө жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 13-июлда шаардык милициядан билдирди.

Маалыматка ылайык, былтыр жайында калаа тургуну милицияга арыз менен кайрылып, М.У. аттуу жаранга карата чара көрүп берүүнү өтүнгөн.

Жабырлануучу ал 2022-жылдын 10-сентябрында жүк ташуучу унаа сатып берүүгө көмөктөшөм деп ишеничине кирип, 40 миң доллар акча алып, убадасын аткарбай из жашырып кеткенин айткан.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Ири өлчөмдөгү алдамчылык ) менен кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1993-жылы туулган М.У. аттуу шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

"Шектүү 2023-жылдын август айынан бери издөөдө болгон. Учурда анын ушул сыяктуу кылмыш фактыларын жасоого катыштыгы бар экендиги аныкталды жана келтирилген зыяндын жалпы суммасы 129 миллион сомду түздү.

Урматтуу жарандар, эгерде сиз шектүүнүн кылмыштуу аракеттеринен жабыр тарткан болсоңуз же кандайдыр бир маалыматыңыз болсо, 0(706) 102-102 же 102 кыска номери аркылуу билдирүүңүздөрдү суранабыз", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: