super.kg logo
  Саясат  

Өмүрбек Текебаев: "Кылмыш жасап 10 жылдан кийин чет өлкөгө чыгып кетсе боло береби? Саясий куугунтук Бакиевдин убагында деле болгон"

 

Жогорку Кеңеште бүгүн, 25-декабрда КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 292-беренеси («Мамлекеттик чыккынчылык»), 303-беренеси («Паракорчулук») жана 304-беренесинин 4-бөлүгү («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») боюнча кылмыш кылган адамдарга карата эскирүү мөөнөтүн алып салуу боюнча мыйзам долбоору талкууланып жатат. 

Депутаттар мыйзам долбоор кабыл алынса, саясий куугунтук башталарын айтып, кабыл албоого чакырышууда. 

Демилгечи Өмүрбек Текебаев мыйзам долбоор акыйкаттыкты орнотууга түрткү болорун айтты. 

“Саясий куугунтук болот деп жатышат. Бул статья жок кезде эле Бакиевдин убагында саясий куугунтуктар болгон. Суу кечпеген аргументтер болуп жатат. Кыргызстан эң эле жумшак өлкө экен. Эскирүү мөөнөтү 10 жыл. Көпчүлүк өлкөлөрдө 90го чыгасыңбы, жооп берет экенсиң. Кыргызстанда 10 жылдан кийин чет өлкөгө кетип калса болобу?”- деди депутат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: