super.kg logo

Ростовдогу мунай базада Украинанын учкучсуз учуучу аппараттардын чабуулунан улам өрт чыкты

 

Орусиянын Ростов облусунун Цимлянский районундагы мунай базасында өрт чыкты. Губернатор Василий Голубев өрт жергиликтүү убакыт боюнча саат 04:00дөр чамасында учкучсуз учуучу аппараттардын чабуулунан улам чыкканын билдирди.

Орус маалымат каражаттары окуя болгон жерден Цимлянск шаарынын четиндеги мунай базасынан чоң кара түтүн көтөрүлүп жатканын көрсөткөн сүрөттөр менен видеолорду жарыялашты.

Голубев өзүнүн Telegram каналында эч ким жабыркабаганын тактады. Өрттү өчүрүүгө 49 адам жана 14 техника тартылган.

Андан соң Цимлянский районундагы мунай базасындагы өрт өчүрүлгөнүн бийлик өкүлдөрү билдирди.

Соңку айларда Ростов облусуна дрондор тарабынан бир нече жолу чабуул жасалган. Маселен, 9-июлга караган түнү облустун үстүнөн 21 учкучсуз учак жок кылынса, 5-июлга караган түнү 10 учкучсуз учак жок кылынды. Июнь айында Ростов облусунун Азов шаарында мунай базасындагы өрттү үч күндөн ашык өчүрүшкөн.

Орусиянын Коргоо министрлиги абадан коргонуу системалары түн ичинде төрт украин учкучсуз учагын атып түшүргөнүн билдирди. Алардын экөө Ростов облусунда болсо, Белгород жана Курск облустарында бирден.

Буга чейин Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусиянын күйүүчү май инфраструктурасына кол салуулар Украинанын жеңишин жакындатарын белгилеген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: