“Бийлик бүгүн бар, эртең жок”. Камчыбек Ташиев мечиттин курулушуна капсула салуудан баш тартты (видео)
Жалал-Абад шаарындагы “Имам Аль-Бухарий” борбордук мечитинин ордуна курулуп жаткан 10 миң кишиге ылайыкташкан мечитке 10-июлда мезгил кутусу салынды. Муфтияттан билдиргендей, саамалыкка УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Апсаттар Сыргабаев, облус казысы Нематулла ажы Жээнбеков жана шаардагы дин кызматкерлери, аксакалдар катышты.
Анда атайын кызматтын башчысы курулушка капсула салуудан баш тартып, аны аалымдардан алдыга озгусу келбей жатканы менен түшүндүрдү.
"Ким Алла Тааланын алдында тазамын дегениңиздер салыңыздар. Мен сала албайм, ачыгын айтайын. Бул мечит деген кылдымдарга сакталат. А бийлик деген бүгүн бар, эртең жок. Мен бир жыл иштеймби, он жыл иштеймби, бир күнү кетем. Менин сиздердей ыйманым толук эмес. Ошон үчүн сиздер салыңыздар", - деди Ташиев.
Андан соң капсуланы Нематулла Жээнбеков салды.
Мезгил кутусу салынган бул мечиттин ичинде 10 миң адам, сыртында 5 миңге жакын адам намаз окууга ылайыкташып, жер төлөсүндө 1 миң унаага ылайыкташкан автоунаа токтотуучу жайы менен курулууда. Диний объектиде заман талабына жооп берген бардык зарыл шарттар камтылат. Мечиттин курулуш иштерин каржылоо жагын Камчыбек Ташиев колго алган. Мечиттин курулушуна салым кошууну каалагандар "Эл тилеги" фонду аркылуу колдоо көрсөтсө болот.
Эскерте кетсек, жаңы курула баштаган бул мечиттин ордунда мурда 1990-жылдары ашар жолу менен курулган эски кичинекей мечит болгон. Жаңы мечиттин курулушу 2,5 жылда аяктап, пайдаланууга берилери мерчемделген.
Видео

