Нарында кичиавтобус жолдон чыгып кетип үч киши каза тапты

Маалыматка караганда, кырсык кечээ, 13-июлда Бишкек — Нарын — Торугарт жолундагы Долон ашуусунда болгон. Каргашадан 74, 62 жаштагы эки киши жана 20 жаштагы жигит мүрт кеткен. Ошондой эле 14 адам жабыркаганы айтылууда.
Министрликтен жабыркагандардын учурдагы абалы тууралуу маалымат алууга мүмкүн болгон жок. Азырынча кырсык боюнча ЖКККБ да үн ката элек.
Кошумча маалымат берилет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:29
2025-06-24

15:38
2025-06-24

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.