super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеӊеш. "Ансыз да чындыкты айткан депутаттар камакта жатат" деди Жылдыз Жолдошова

 

Жогорку Кеңеште бүгүн, 25-декабрда КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 292-беренеси («Мамлекеттик чыккынчылык»), 303-беренеси («Паракорчулук») жана 304-беренесинин 4-бөлүгү («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») боюнча кылмыш кылган адамдарга карата эскирүү мөөнөтүн алып салуу боюнча мыйзам долбоору талкууланып жатат. 

Мыйзам долбоорго каршы пикирин билдирген эл өкүлү Жылдыз Жолдошова кесиптештерин колдобоого чакырды. 

Бул жерде эч кимдин коркуп жаткан жери жок. Бийлигине таянып айрым жетекчилер өз билгенин жасап жатат. Ансыз деле чындыкты айткан биздин айрым депутаттар камакта жатат. Чындыкты айткан, мамлекеттин талабын талашкандар куугунтукка алынып жатат. Эгер мыйзам кабыл алынса, саясий куугунтукка алып келиши мүмкүн. Бардык саясий күчтүү адамдарыбызга каршы курал болуп калат”,- деди депутат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: