Катуу жаандан улам Баткенде да сел жүрдү



Баткен районунда 14-июлда нөшөрлөгөн жаандан улам саат 18:15тер чамасында сел жүрдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.
Маалыматка ылайык, Ак-Татыр айыл аймагынын Аэропорт, Өрүкзар участкаларында 10, Ак-Сай айыл аймагынын Үч-Дөбө айылында 3-4 үйдүн короосуна сел суулары кирген.
Жеринде ӨКМдин Баткен облусу боюнча башкармалыгынын ыкчам тобу, Баткен райондук ӨКБдан 18 жана №3 өзүнчө издөө-куткаруу отрядынан 7 куткаруучу сел кесепеттерин жоюу иштерин жүргүзүүдө.
Ал эми Кадамжай районунун Чаувай айылында 2 турак үйдүн жертөлөсүнө сел суулары кирип, Кадамжай райондук ӨКБдан ыкчам топ, Үч-Коргон айыл аймагынан 1 жүктөгүч тартылып, калыбына келтирүү иштери жүрүүдө.
Лейлек районунда саат 21:30дар чамасында нөшөрлүү жаандан улам Бешкент айылында 7 турак үйдүн ичине, 1 турак үйдүн жертөлөсүнө сел суулары кирип, 200 метр ички чарбалык арыкты кум-шагылга толтурган. Мындан улам №108 ӨКБдан 7 куткаруучу, 1 мотопомпо тартылып, сел кесепеттерин жоюу иштери аткарылууда.


