Евро-2024: Испания финалда Англияны утуп, төртүнчү ирет Европа чемпиону болду
Бүгүн, 15-июлга караган түнү Германияда футбол боюнча Европа чемпиондугунун финалдык оюну болуп өттү.
Финалда Англия курамасы менен фавориттерди жеңип, финалга чейин жеткен Испания кез келип, испаниялыктар 2:1 эсебинде жеңишке жетишти.
Эки команда биринчи бөлүктө эсеп санын ача алышкан жок. Экинчи бөлүк башталары менен испантиялык чабуулчу Иньяки Ульямс эсеп санын ачса, көп өтпөй англиялыктар эсеп санын теңеди.
87-мүнөттө алмашууга чыккан Микель Оярсабаль эсеп санын 2:1ге айлантып, оюнга чекитти койду.
Муну менен Испания курамасы тарыхта төртүнчү ирет футбол боюнча Европа чемпиону болду.
Ал эми Англиянын муну менен экинчи жолу катары менен финалга чыгышы. 2020-жылы англиялыктар финалда Италияга утулуп калган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:20
2025-10-31
8:20
2025-10-31
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















