super.kg logo

Евро-2024: Ямал – мыкты жаш футболчу, Родри – мыкты оюнчу аталды

 

15-июлга караган түнү Европа чемпиондугунун финалдык оюну орун алып, Испания менен Англия кубок үчүн беттешти. Испания 2:1 эсебинде жеңсе, курамадагы жарым коргоочу Родри мыкты оюнчу, чабуулчу Ямал мыкты жаш футболчу деп табылды.

Эрнандес Родриго албаниялык командага каршы беттешти кошпогондо, турнирдин бардык оюндарына катышты. Ал чейрек финалда Италияга гол киргизип, командасынын жарым финалга чыгышына себепчи болду. Ошондой эле беттештерде бир катар так пастарды бере алганы менен өзгөчөлөндү. Футболчу 2019-жылдан бери англиялык "Манчестер Сити" клубунда ойноп келет.

Ал эми финалдык оюнга бир күн калганда 17 жашка чыккан чабуулчу Ламин Ямал финалдык оюнда Испаниянын негизги курамына кире алды. Муну менен Ямал тарыхта ири турнирлердин финалында оюн өткөргөн эң жаш оюнчу болуп калды. Ошондой эле ал турнир ичинде 1 гол киргизип, 4 голдук пас берүүгө жетишти.

Белгилей кетсек, Испания Евро чемпиондугун төрт жолу жеңген алгачкы өлкө болду. Буга чейин алар 1964, 2008 жана 2012-жылы жеңүүчү аталган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: