super.kg logo

Оштун сел жүргөн аймактарында 5 миңден ашык абонентке жарык берилди

 
Ош облусунда 5100 абонентке жарык берилди. Бул тууралуу бүгүн, 15-июлда Энергетика министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 14-июлда Ош облусунун жана Ош шаарынын аймагында жүргөн катуу селдин кесепетинен “КУЭТ” ААКсынын филиалы - Ош электр тармактары ишканасынын Кара-Суу РЭТи тейлеген 7500 керектөөчүсү жарыксыз калган. Бул аймактан 8 даана электр тирөөчтү сел агызып кеткени айтылат.
"Кара-Суу районунда жайгашкан 110/10 кВ Беш-Мойнок көмөк чордонуна сел киргендиктен, Фуркат, Подсобный, Ачы, Коровник фидерлери чыңалуусуз калган.
Чыңалуусуз калган фидерлерге Ош-6 көмөк чордонунан чыңалуу берилип, натыйжада 5100 абонентке жарык берилди. Калган 2400 абонентке электр энергиясын берүү аракеттери көрүлүүдө", - деп жазылат анда.
Тиешелүү кызматтарга электр жабдыктарын тезинен калыбына келтирүү боюнча тапшырма берилген.
"Жалпы 26 персоналдан турган авариялык оңдоп-түзөө бригадалары иштеп жатат. 6 даана атайын техника: 4 даана бригадалык автоунаа, 1 даана экскаватор жана 1 даана камаз жумушка тартылды. Мындан тышкары Ош ЭТИнин кызматкерлери көмөк чордондогу селдин калдыктарын, таштандыларды тазалоо иштерин жеринде жүргүзүшүүдө", - деп жазылат маалыматта.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: