super.kg logo

Ак-Буура дарыясында сөөгү табылган аялдын өздүгү аныкталды

 

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бүгүн, 15-июлда Оштогу Ак-Буура дарыясында жансыз денеси табылган экинчи адамдын өздүгү аныкталганын билдирди.

Маалыматка ылайык, табылган жаран буга чейин изделип жаткан 44 жаштагы Н.Д. аттуу келин (кыздардын апасы) экени аныкталды.

Маркумдун сөөгү ИИМдин кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Буга чейин Ош шаарынын Катта-Терек участкасында Ак-Буура дарыясынан (Өзбекстандын чек арасына 500 метр жетпей) ӨКМдин куткаруучусу тарабынан саат 11:30да аял кишинин сөөгү табылганы кабарланган.

Белгилей кетсек, ӨКМ кечээ Төлөйкөн айылындагы "Мөл-Булак" эс алуу борборунда 4 адамды сел суусу агызып кеткенин, анда 44 жаштагы келин жана анын үч кызы изделип жатканын маалымдаган.

Ошондой эле Оштогу борбордук базардан суу агызып кеткен дагы бир аял изделип жаткан.

Сел агызып кеткен 7 жашар кыздын сөөгү түндө Өзбекстандан табылган.

Учурда бир аял жана эки кыз изделүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: