super.kg logo

Оштогу сел: Агып кеткен аял Орусиядан кызын турмушка узатуу үчүн жакында келген

 

Ошто селде агып кеткен аял 19 жаштагы кызын турмушка узатуу үчүн Орусиядан жакында келген. Ал көп жыл миграцияда жүргөн. Бул туурасында «Клооп» басылмасы туугандарына шилтеме берүү аркылуу жазып чыкты.

Маалымдалгандай, туугандары апасы жана сиңдилери менен кошо агып кеткен 19 жаштагы кыздын тою август айына белгиленгенин айтышкан.

“Каргаша болгон күнү атасы жана уулу үйдө калып, апасы үч кызын алып жакындары менен эс алууга кеткен”, - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, кечээ, 14-июлда катуу келген селден улам Ош шаарындагы «Мөл-Булак» эс алуучу жайынан 4 киши агып кеткендиги боюнча маалымат кабарланган. Суу 44 жаштагы аялды жана анын 6, 10 жана 19 жаштагы кыздарын алып кеткен. Ошол күнү кечинде 6 жашар кыздын сөөгү Өзбекстандын аймагынан табылган. Ал эми бүгүн, 15-июлда куткаруучулар аялдын сөөгүн Катта-Терек аймагындагы Ак-Буура дарыясынан алып чыгышты.

Айта кетсек, бул үй-бүлөдөн тышкары дагы бир аялды сел агызып, учурда издөө иштери уланып жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: