super.kg logo
  Саясат  

Жылдыз Жолдошова: "Мыйзам долбоорду кабыл аларда мамлекеттин менталитетин эске алуу керек"

 

Жогорку Кеңеште бүгүн, 25-декабрда КРнын Кылмыш-жаза кодексинин кылмыш кылган адамдарга карата эскирүү мөөнөтүн алып салуу боюнча мыйзам долбоору талкууланып жатат. Мыйзам долбоорду колдобоого чакырган эл өкүлү Жылдыз Жолдошова мамлекет үчүн иштейм деген күчтүү адамдар саясий куугунтукка кабылышы мүмкүн деген оюн билдирди. 

Долбоордун демилгечиси Өмүрбек Текебаев жооп катары “Кыргыздын жигиттери камалып калышы мүмкүн деп мени менен Алмазбек Атамбаев жөнүндө ойлонуп жатканын түшүнүп турам. Биз кылган ишибизге жооп беребиз” деди. 

Ал эми Жылдыз Жолдошова мыйзам долбоорду кабыл аларда мамлекеттин менталитетин эске алуу зарылдыгын белгиледи. 

“Мыйзамды өзүңүз үчүн даярдап жатыпсыз. Камалбай эле коюңуз. Өмүрбек Текебаев жыйында менин атымды атабаса курсагы тойбойт окшойт. Атымды азыраак айтып жүрүңүз. Мыйзам долбоорду кабыл аларда мамлекеттин менталитетин эске алуу керек”,- деди депутат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: