super.kg logo

Туристтик аймактарга дааратканалар качан курулат? Туризм фонду жооп берди

 

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда жол жүргөн туристтерди тейлөө үчүн атайын эс алуучу жайдын экөө пайдаланууга берилип, бешөөнүн курулушу аяктады. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун биринчи вице-президенти Асылбек Алиев SUPER.KG порталынын суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

Анын айтымында, республика боюнча 68 туристтик аймакка Rest Point курулмак. Учурда анын экөө пайдаланууга берилип, бешөөнүн курулушу аяктаган. Ал эми 11 объектинин курулуш-монтаждоо иштери жүрүп жатат.

"Rest Point борборуна - ажаткана, соода жана эс алуучу, жуунучу жайлар, намазкана кирет.

Бул борбор биринчи Кеминде курулган, дагы төртөө өлкөнүн түштүгүндө – Барпы, Өзгөн, Кара-Көл жана Жалал-Абадда ишке берилди. Эми Ош шаарында дагы эки жаңы борбор курулуп, аларды ачууга даярдык көрүлүүдө", - деди Алиев.

Белгилей кетсек, Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду деп аталган ачык акционердик коому 2022-жылдын март айында түзүлүп, уставдык капиталы 1 миллиард сом деп белгиленген. Фонд туризмди өнүктүрүүгө багытталган демилгелерди ишке ашыруу менен алектенет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: