super.kg logo
  Спорт  

Евро-2024: Финалдан кийин Кыргыз клубун башкарган машыктыруучу Москвада сабалды

 

Кыргыз Премьер-Лигасында ойногон "Мурас Юнайтед" клубун башкарып кеткен орусиялык машыктыруучу Андрей Канчельскис Москвадагы барлардын биринде эси оогончо сабалды. Бул тууралуу Mash телеграм каналы жазды.

Маалыматка ылайык, ал Европа чемпиондугунун финалындагы Испания-Англия беттешин көрүп отуруп, күйөрман менен жаңжалдаша кеткен. Ал мас абалда биринчи күйөрманды чаап, андан кийин башына катуу сокку алып, эсин жоготуп жыгылган.

Бардын кызматкерлери машыктыруучуну эсине келтирүүгө жарым саат аракет кылышып, андан кийин "Тез жардам" чакырышкан. Дарыгерлер ага башынан жаракат алган деген диагноз коюшуп, ооруканага алып барышкан эмес.

Андрей Канчельскис буга чейин Жалал-Абаддын "Мурас Юнайтед" футболдук клубунун башкы машыктыруучусу болгон. Ал 7-июлда клуб менен болгон келишимди жокко чыгарган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: