super.kg logo
  Саясат  

Ош шаардык кеңешинде жаңы башкаруучу коалиция түзүлдү

 

Ош шаардык кеңешинде жаңы башкаруучу коалиция түзүлдү. Коалиция “Акыйкат-Ынтымак” деп аталып, ал КСДП, “Республика”, “Ата Мекен”, “Адилеттүү Кыргызстан”, “Замандаш-Современник” партияларынын депутаттарынын курамынан турат. 

Эске сала кетсек, Нурадил Жолдошев “Замандаш-Современник” партиясынын сунушунун негизинде Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими менен мандатынан ажыратылган. Анткени ал партиянын саясий кеңешине каршы чыгып, Ош шаардык кеңештеги көпчүлүктү түзүү үчүн “Улуттар биримдиги” коалициясына кирип алган. Анын ордуна келген Камчыбек Мамбетов мурдагы коалицияга эмес, азчылыкты түзгөн тарапка өтүп кеткендиги шаардык кеңештеги өзгөрүүлөргө алып келген. Себеби буга чейин Ош шаардык кеңешинде “Улуттар биримдиги” партиясынын 21 депутаты, КСДПнын 1 өкүлү жана “Замандаш-Современник” партиясынын 1 депутаты болуп, башкаруучу коалицияны түзүп келген. Мамбетовдун экинчи тарапка өтүшү менен эми көпчүлүк  КСДПнын 11, “Республиканын” 8, “Ата Мекендин” 1, “Адилеттүү Кыргызстандын” 2 жана “Замандаш-Современник” партиясынын 1 депутатынан түзүлдү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: