super.kg logo

Бишкекте капитан менен лейтенант пара менен кармалды

 

Бишкек шаарында милиция кызматкерлери пара менен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 16-июлда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын аймактык тескөөчүсү, милициянын лейтенанты М.Б. жана милициянын капитаны М.Б. пара алып жаткан жеринен кармалды. Алар уюлдук телефонду уурдоо фактысы боюнча тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында маселени оң чечип берүү үчүн жарандан 160 миң сом талап кылышканы айтылат.

"Ушул жылдын 11-июлунда аталган милиция кызматкерлери опузалап 20 миң сом өлчөмүндөгү акчанын бир бөлүгүн алып жаткан жеринен кармалган. 13-июль күнү алар Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси боюнча кылмыш жасаган деген шек менен убактылуу кармоочу жайга киргизилген", - деп жазылат анда.

Учурда иштин бардык жагдайларын, ошондой эле башка тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча иликтөө иштери жүрүп жатканы кабарланат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: